Үркүндүн 100 жылдыгы

Дата публикации: Sep 17, 2016 5:8:0 AM

15.09.2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата К.Маматов орто мектеби Абдрахманов айыл Өкмөтү менен бирдикте Үркүндү эскерүү кечесин өткөрүштү. Анда мектеп окуучулары үркүн темасына карата жазылган чыгармалардан чакан үзүндүлөрдү аткарышты, ырлар, доклад окулду. Айыл тургундарынын эскерүүлөрү айтылып, Үркүндө курман болгондорго куран окутулду.