"Бирге окуйбуз" долбоору 2016-17-окуу жылы

Дата публикации: Oct 12, 2016 12:9:50 PM

К.Маматов орто мектебинде 8-сентябрь Эл аралык сабаттуулук күнүнө карата "Бирге окуйбуз" долбоорунун "Менин жолум сабаттуулукка карай!" аталышындагы иш-чарасы болду. Бул иш-чарага мектептин башталгыч классынын мугалимдери, окуучулары, коомчулуктун өкүлдөрү, ата-энелер, мектептин китепканачысы Ш.Орозбактиева жана тарбия иштерин уюштуруучусу Н.Кадыралиевалар катышышты. Иш-чара 10 этаптан турду, ар бир этап боюнча машыгуулар, сынактар, мелдештер өткөрүлдү