"Эне тил" майрамы

Дата публикации: Oct 12, 2016 12:0:13 PM

23-сентябрь 2016-жылы Мамлекеттик тилдин 27 жылдыгына карата К.Маматов орто мектебинде салтанаттуу линейка өткөрүлдү. Анда 6 "а,б" классынын окуучулары чакан концерт тартуулашты. Концерттин программасында макал-лакаптар, улуттук каада-салттар, эне тил жөнүндө ырлар айтылды о.э. Жолон Мамытовдун "Кайран тил" аттуу чыгармасы окуучулар тарабынан көркөм айтылды.